Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Абдывахап Нурбаев башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды. Анда депутат: "Курманкул Токторалиевич, сиздин жасап жаткан иштериңиз ачык болуп калганы байкалып жатат, рахмат. Президенттин указы чыккан, экономикалык кылмыштарга бир гана тергөө орган болушу керек деп. Бирок азыркы учурда, тилекке каршы 3 орган болуп жатат. Мунун келечеги кандай болот?" деди.
Зулушев: "Учурда экономикалык кылмыштарды бир эле орган карайт. Прокуратура тергейт, төрт берене боюнча милиция тергейт. Бул жерде маселе жок".
Нурбаев: "Экономикалык кылмыштардын баарын бир эле орган карай турган кылып койсо болбойбу?"
Зулушев: "Анча оор эмес 4 берене бар, ошол беренелер боюнча ИИМ тергейт. Калганын прокуратура тергейт".
Нурбаев: "УКМКдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматычы? Алар эмне жумуш кылат?"
Зулушев: "Алар кызмат адамдары боюнча гана тергейт"
Нурбаев келечекте экономикалык кылмыштардын баарын бир гана орган көзөмөлгө ала тургандай кылууга мүмкүн болобу деп кызыкты.
"Сөзсүз болот, алдыга койгон максат бар. Президент менен акылдаштык, мен сунушумду билдирдим. Эки структураны түзүү боюнча, биринчиси - прокуратуранын астындагы тергөө департаментин түзүү, экинчиси тергөө башкармалыгын түзүү. Бирок мунун баарын жөнгө салуу үчүн убакыт, тажрыйба керек экен. Алдыда биз ушул пландарга жетүү үчүн иштейбиз", - деди Зулушев.
Ушул айдын башында Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн болчу.