Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин туулган күнү менен куттуктап, ага күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоевдин жетекчилиги алдында Өзбекстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку темптеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын баса белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.
Садыр Жапаров Кыргыз-Өзбек ортосундагы кызматташтык потенциалы жогору экенин канааттануу менен белгилеп, мындан ары эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында Шавкат Мирзийоевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырган.