Дастан Бекешев "Манас" аэропортунан учуп кетүүсүнө тоскоолдук жаралганы боюнча УКМКдан жооп алгандыгын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге өлкөгө кирүүсүнө жана чыгуусуна эч кандай чектөө жок деп жооп берген. Бул тууралуу Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, мекеме ага 14-июлда эл аралык "Манас" аэропортунан учууга каттоодо, эмне себептен ага тоскоолдук болгонун түшүндүргөн эмес.

"Өлкөгө кирүүгө же чыгууга менде эч кандай чектөө жок (УКМКнын жообу). Бирок УКМК негизги суроого жооп берген жок, эмне үчүн мага өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилген эмес?" - деп жазган Бекешев.

Дастан Бекешев акыры иш сапарга жөнөп кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ошол эле учурда депутат, кесиптештерине, учакка отурарда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өтүнүч менен кайрылып, күзөтчүлөрдүн желектери коюлган-коюлбаганын билүүнү сунуштаган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Манас" аэропортунан чет өлкөгө учуусуна тоскоолдуктар жаралгандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан