Бүгүн, 27-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Жолугушууга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышкан.
"Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин жана Коопсуздук Кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында жасалып жаткандыгын белгиледи.
Садыр Жапаров Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басарынын негизги милдеттеринин бири улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жаатында тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо, улуттук коопсуздукка байланыштуу чакырыктар менен коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо, аларды алдын-алууга жана нейтралдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды берүү болуп эсептелерине көңүл бурду", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошону менен бирге ал Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу маанилүү экенин белгилеген.
Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү глобалдык чыңалууну азайтууга жана эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган тең укуктуу жана ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү жактай тургандыгын баса белгилеген. Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков өлкө башчыга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Анын айтымында, азыркы кезде жалпысынан Борбордук Азия регионундагы кырдаалды эске алганда өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу. Таалатбек Масадыков болгон билими менен региондун коопсуздук маселелери боюнча көп жылдык эл аралык тажрыйбасын өз ишине максималдуу түрдө колдонууга даяр экенине басым жасаган.