Садыр Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын бир нече провинцияларындагы адам өмүрүн алган, оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Түркиянын бир нече провинцияларында чыккан өрттүн кесепетинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркиянын элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан