"Токио-2020": "Шоу жаратты". Акжол Махмудовдун тунистик балбанды көтөрүп чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму баалады

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.

Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыккан.

Акжол Махмудовдун тунистик балбанды эки ирет көтөрүп чапканын Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) мыкты деп баалады.

"Бүгүн Акжол Махмудов "Токио-2020" Олимпиадасында шоу жасады", - деп жазып, Махмудовдун жасаган ыкмасынын кыска видеосун жүктөдү UWW уюму.

Акжол Махмудов "Токио-2020" Олимпиадасынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда ал дагы бир күчтүү делинген армениялык Карапет Чалян менен кез келет.

Акжол Махмудовдун ыкмасын UWW уюму баалады
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulina90
2021-08-02 11:56:28
Азамат ийгилик
+11
mira28
2021-08-02 11:57:50
Кукладай эле жерге чааптыр.Азамат.Ийгилик сага жар болсун,Кудайым сени колдосун.
+11
Aza2100
2021-08-02 12:01:07
Аллахым өзү колдосун, алтын медаль алып элибизди кубантууга насип этсин, тууганым.
+15
Salixa.
2021-08-02 12:30:27
Кичинекей уулум өзү күрөшкөндөрдүн кайсынысы кыргыз экенин айырмалай албайт ,бирок Махмудовдун көтөрүп чапканына акелери ураа !биздики жеңди деп кыйкырса ал алардан өтүп молодец!деп кыйкырып сүйүнүп жүрөт.Ийгилик !Кыргыздын намысын коргоочулар !Эки күндөн бери ,тв нын алдындабыз ))
+13
Asmat84
2021-08-02 12:53:59
Salixa.,уулунуздун өмүрүн берсин патриот жигиттерден болсун
+12
Nina.alex
2021-08-02 15:45:09
Карабетти утту уже
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан