Бүгүн, 2-август күнү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында килемге чыкты.
Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө тунистик Ламжед Маафи аттуу балбан менен кез келди. Акжол Махмудов атаандашын 11:0 эсебинде жеңип алды.
Акжол Махмудов атаандашынын үстүнөн укмуштуудай эки ыкма жасоо менен тунистик балбанга эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, чейрек финалга чыкты.
Чейрек финалда Акжол Махмудов азербайжандык Рафиг Хусейнов менен кез келет.