"Кумтөр" иши боюнча депутат Дастан Бекешев сурак берип чыкты

Бүгүн, 4-августта депутат Дастан Бекешевге Аскер прокуратурасынан чакыруу келген. Бул тууралуу депутат өзүнүн Телеграм каналы аркылуу билдирди.

Айтымында, анын аталган мекемеге чакырылышынын себеби "Кумтөр" иши боюнча мөңгүлөргө байланышкан суроолор болушу мүмкүн.

"2016-жылы же 2017-жылы Суу кодекси боюнча биз добуш бергенбиз, бул кодекс менен биз "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүн иштетүүгө уруксат бергенбиз. Жеке мен буга каршы добуш бергем. Мен бул мөңгүлөрдү "Кумтөргө" бербеш керек деп эсептейм. Бирок көпчүлүгү иштетүүгө уруксат берүү үчүн "макул" деп добуш беришкен. Менин оюмча ошол ишти казып башташкан. Бирок депутаттар берген добушу үчүн укуктук жактан жооп бербейт. Мен "каршы" деп добуш бергем. Бирок "макул" деп добуш бергендерге иш козгоо туура эмес", - деген Бекешев.

Бекешев Аскер прокуратурасына бир саат сурак берип чыккан.

"Бардык суроолор так, түшүнүктүү болду. Мен тилекке каршы, кандай суроолор болгонун толук айта албайм, анткени ачыкка чыгарбоо тил катын жазып бердим. Жалпысынан жогоруда айткандай, Суу кодекси боюнча суроолор берилди", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан