Садыр Жапаров спортчуларды куттуктады: "Өзүмдүн атымдан сиздерге белегимди камдап койгом, жакынкы күдөрү тапшырам"


Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу аземи учурда "Ала-Тоо" аянтында уланууда.

Салтанатка президент Садыр Жапаров келип, спортчуларыбыз жана алардын машыктыруучулары кызыл килемден өтүштү.
Анда өлкө башчы спортчулардын жана алардын машыктыруучуларынын эмгегин баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
"Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата биздин өлкөбүзгө 3 медаль алып келдиңиздер. Бул биздин өлкө үчүн чоң белек. Салтка айланып калгандай, мен дагы байге ээлерине өзүмдүн атымдан белегимди камдап койдум. Буюрса, жакынкы күндөрү ошол сыйлыктарымды тапшырам", - деди Жапаров.
Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан