Токмок шаардык кеңешинин төрагасы шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-августта Токмок шаардык кеңешинн биринчи сессиясы болуп өткөн. Биринчи сессияга Токмок шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан. Сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Сулайман Ложаров ачкан.
"Токмок шаардык кеңешинин төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлдү (Мирбек Иманалиев жана Тынайбек Сансызбаев). Депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк (18) добуш алып, Тынайбек Сансызбаев Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды", - деп билдиришти аталган мекемеден.