"Аскар Акаев келип Кыргыз элинин бетине түкүрүп кетти" дейт коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев. Ал мындай пикирин Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Айтымында, аны Акаевдин эч нерсеге, анын ичинде Аксы окуясына эч кандай тиешеси жок деп эсептегени жана өзүнүн күнөөсүн элге оодарганы нааразы кылган.
"Акаев келип элден кечирим сурабай эле элдин бетине жаба түкүрүп кете берди го дейм. Көрсө, аялы, уул-кызы, күйөө баласы эч нерсеге кийлигишпептир, үй-бүлөлүк башкаруу болбоптур, өзү болсо "Кумтөр" боюнча оозун ачып эле отуруптур, өкмөткө ишенип, эл-жердин ырыскысы тонолуп жатканын билбей калыптыр, Аксыдагы кыргынга дагы такыр тиешеси жок экен. Кыскасы сүттөн ак экен. Иши кылып эл күнөөлүү болуп калды бул жерде, анын айтканы боюнча 2005-жылдын 24-мартында обу жоктук кылып эле козголоң кылып аны үй-бүлөсү менен кууп салыптыр да. Кыязы кийинки келишинде кечирим сурагыла, ошончо жыл бозгунда жүргөнүм үчүн компенсация бергиле дейт окшойт", - деп жазган Каптагаев.
Эске салсак, 2000-жылдардын башында Акаев президент болуп турганда Каптагаев Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими болгон. 2010-жылы Курманбек Бакиев кулатылгандан кийин Кыргыз өлкөсүнүн убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү болгон.