Кыргыз саясат таануучулары Жириновскийдин аракеттери жөнүндө: "Шайлоого карата упай топтоп жатышат"

Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиргендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Кечээ, 10-августта орусиялык саясатчы Владимир Жириновский Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин астында нааразычылык акциясын өткөргөн. Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин социалдык тармакка Мамлекеттик Дума Жогорку Кеңештин төрагасына бул окуяны көзөмөлгө алуу боюнча кайрыла турганын жазган.

Кыргыз өлкөсүндөгү саясат таануучулар муну Орусияда өтө турган парламенттик шайлоого карата болуп жатканын айтышты.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев Жириновский биринчи жолу мындай демарш жасабаганын белгиледи. "Ошол үчүн ал кыргыз бийлиги тарабынан 2013-жылы “персона нон грата” жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Ал кезден бери макам өзгөргөн эмес. Бул Жириновский тарабынан атайын жана дыкат ойлонулган пиар компания деп эсептеш керек. Демарш негизинен Орусиянын ички электоратына багытталган. Орусияда быйыл парламенттик шайлоо болот. ЛДПР гана эмес, башка партиялары деле орус тилдүүлөрдү коргоо керек деген идеяны шайлоодо кенен колдонуп жүрүшөт. Кыргыз мамлекети менен Орусиянын расмий бийликтеринин мамилесине бул нерселер терең деле таасирин тийгизбейт деп ойлойм. Себеби биз стратегиялык өнөктөшпүз, бири-бирибиризге керекпиз", - деди ал.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, Орусиянын айрым саясатчылары парламенттик шайлоо алдында упай топтоп жатышат. "Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бул орус саясатчылары азыр Кыргыз өлкөсүндө орустарга карата каршы улутчулдук жок экенин билишет. Кыргыз өлкөсү менен Беларуста эле орус тили расмий тил болуп эсептелет. Кийинки айда шайлоо башталат. Алар ошого карата упай топтоп жатышат. Орусиядагы улутчулдардын колдоосуна ээ болуу үчүн шайлоого даярданып жатышат", - деди Марс Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан