Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга селдин кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

"Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт.

Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм", - деп айтылат өлкө башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Түркиянын бир нече провинцияларында жүргөн селден каза болгон адамдардын жалпы саны 27ге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан