Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Бүгүн, 19-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде евразиялык интеграция жана башка өз ара пайдалуу багыттар талкууланган. Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, Никол Пашинянды жакында болгон кезексиз парламенттик шайлоодо өз партиясынын жеңиши менен куттуктаган.

Бул жолугушуу Садыр Жапаров менен Никол Пашиняндын алгачкы жолугушуусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан