Кыргыз өлкөсүнө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн (байкоочу катары) Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.