Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан өлкө башчынын көңүл айтуусун жарыялады.
"Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Кечээ, 26-августта кечки саат жетилер чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын натыйжасында кампада бир катар жарылуулар болгон. Анын кесепетинен ондогон адамдар жаракат алып, каза болгондор да катталды.