Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.
"30 жыл ичинде өнүгүүнүн улуттук табиятка төп келген, оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, биз ар кандай сыноолорго кабылдык. Олку-солку жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизди.
Натыйжада, эки президенттин өлкөдөн безе качып, бирөөсү камакта жатканы, бир нече премьер-министрдин коррупцияга байланыштуу айыпталышы улуттук оор, кайгылуу тажрыйба болду", - дейт ал.