Буга чейин социалдык тармакта 2020-жылы 5-октябрдагы баш аламандыкта каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө үй берилбей келгени талкуу болуп жаткан.
Президенттин администрациясынан бул боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү Бишкек шаарынан батир бөлүнүп берилет. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бул маселе боюнча тапшырманы октябрь-ноябрь айларында эле берген. Бирок борбордун айрым чиновниктеринин жоопкерчиликсиздигинин айынан бул маселе чечилбей калган.
Аталган маселе президенттин жеке көзөмөлүндө жана өз убагында чечилет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Үмүтбек Алтынбек уулу 5-октябрдан 6-октябрга караган түнкү митингге чыккандар менен укук коргоо органдарынын кагылышуусунда колдонулган жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып каза тапкан. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси болгон. Үмүтбектин кыялы, окуучулук күндөрдөгү табылгалары тууралуу
шилтемени басып кирүү менен окуй аласыз.
"Ала-Тоо" аянтында өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө Ош шаарынан батир берилгени
маалымдалган.