Кийинки аптада Жогорку Кеңештин комитет жыйындары өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны 6-сентябрда өтөт. Анда 4 маселе каралары күтүлүүдө.
Ал эми Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында 7 маселе талкууланат. Бул комитеттин жыйыны дагы 6-сентябрда өтөт.
1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылган.