Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда аскердик машыгуулар башталды (сүрөт)

Баткен облусунда "Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Машыгууда республиканын аймактарында аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик түзүм, мамлекеттик башкармалык жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү пландалууда.

Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышуусу күтүлүүдө.

Ачылыш аземде коргоо министри Таалайбек Өмүралиев мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок экенин белгилеп, аны аскер адамдары, тартип сакчы, куткаруучу жана жөнөкөй эл тастыктап жатканына токтолду. Аскердик иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, мамлекеттик мекемелердин башчылары жана өкүлдөрү катышты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nukura_jigit
2021-09-03 08:14:47
Сүрөт Баткен эмес, Чоң-Алай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан