Чолпон-Ата шаарында жүрөккө операция жасоо багытындагы клиника ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы ачылган филиалда жергиликтүү кардиохирургдар иштешет.
"Чолпон-Атада "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун базасында жүрөккө операция жасоо бөлүмүн ачуу пландалууда. Учурда ал жакта оңдоо иштери жүрүүдө. Министр Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында оңдоо иштерин көзөмөлдөн өткөрөт.
Филиал качан ачыларын так айта албайбыз", - деп билдиришти министрликтен.