Панфилов районунун акими болуп Маил Алиаскаров дайындалды. Бул тууралуу маалыматты президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун мамлекет башчысынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маил Алиаскаровду жаңы аким катары тааныштырган.
Буга чейин ал Балык чарба департаментинин директорунун орун басары болгон.
Мурдагы аким Бакыт Козуев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.