Абактагы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев аталган мекеменин ооруканасына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКдан тастыкташты.
Маалымат боюнча, Сегизбаевдин ден соолугунда көйгөйлөр бар. Учурда анын абалы туруктуу, дарыланып жатат. Ал эми эмнеси ооруп ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат берилген жок.
Маалымат үчүн:
25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.