Биз социалдык тармакта

"Жол фонду жөнүндө" боюнча парламенттик угуу өтөт

"Жол фонду жөнүндө" боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

14-сентябрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана "Жол фонду жөнүндө" мыйзам долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угууларды өткөрүүнү пландаштырууда.

Парламенттик угууларга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан