Бишкек шаарынын айрым аймагында 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга эски газ өткөргүчтөн чыккан газды токтотуу иштери себеп болууда.
"Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1985-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын чыгуусун токтотуу иштери өткөрүлөт.
Буга байланыштуу төмөнкү жерлерде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
"Газпром Кыргызстан" компаниясы шаар тургундарынан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт", - деп жазылат маалыматта.