
"Коопсуз шаар" компонентинин экинчи этабын ишке ашыруу алкагында Ош шаарынын жолдорунун 11 кесилишинде жол кыймылынын эрежелери бузулушуна фиксациялоо фото-видео камераларын коюу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоорго ылайык, шаардын 35 негизги кесилиштеринде 600дөн ашык аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу пландаштырылган, алар онлайн режиминде жолдордогу жол кыймылынын эрежелерин бузулушун каттайт.
Фото-видео фиксация комплекси далил базасы катары сүрөттөрдү жана видео жазууларды архивдештирүү менен видео-аналитикалык алгоритмдердин эсебинен эреже бузууларды карайт.