Бишкек шаары боюнча күнү-түнү иштей турган жалпы 73 эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ичинде: үй-бүлөлүк медицина борборлору, соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар. Борбор калаада 1-дозаны алгандардын саны 80 миңден ашык болсо, 2-дозаны алгандардын 65 миңге жеткен.
Эмдөө пункттары тууралуу сурап-билүү үчүн (0312) 32-31-27, 32-30-11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.