Токио шаарында өтүп жаткна XVI Паралимпиада оюндарында мекендешибиз Арстанбек Базаркулов спорттун жеңил атлетика (ядрону түртүү) боюнча катышты. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, спортчу 10-орунду камсыздаган.
Олимпиада оюндарында спорттун жеңил атлетика (ядрону түртүү) боюнча мелдешке 10 спортчу катышкан. Анда иорданиялык спортчу Ахмад Хинди биринчи орунга жетишти.
Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо өтөт.