Биз социалдык тармакта

30 күндөн ашты. Чычкан суусуна түшүп кеткен 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Буга чейин Чычкан суусуна 1960-жылы туулган В.Д. аттуу аял түшүп кеткени маалымдалган. Бүгүн, 4-сентябрда аялдын жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында (Эликти тилкеси) Чычкан суусунда аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Жерине Токтогул райондук №97 ӨКМдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү суудан чыгарылып туугандарына өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, ал 2-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Мраморный тилкеси) Чычкан суусуна агып кеткен. Издөө иштери 20-августка чейин жүргүзүлүп, суу тартылганга чейин убактылуу токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-09-04 17:24:29
Жибип, эзилип, үлбүрөп калса керек колуң тийселе үзүлүп!
-6
Erlan_95
2021-09-05 01:51:01
Pankration_MMA, Ал коп нерседен коз каранды. Главный сен ошентип жатып калып журбо табалап отуруп)).
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан