SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Орусияда эмгектенип жаткан мекендешибиз кайрылды. Анда ал Москва шаарында айдоочулук күбөлүгүн жоготуп алганын айтып, Кыргыздын Москвадагы элчилигинен документти калыбына келтирсе болобу деп суроо салган.
"Мен Орусиянын Москва шаарында айдоочулук күбөлүгүмдү жоготуп алдым. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги документти кайра жасап бере алабы? Маалымат берип коёсуздарбы?", - деп кайрылган.
Жогорудагы мекендешибиздин кайрылуусу боюнча Кыргыздын Орусиядагы элчилигине байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Азырынча документти кайра калыбына келтире албайбыз. Бул маселе иштелип жатат", - дешти басма сөз кызматынан.