Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкозов атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2014-жылы башталган. Жаңы мектеп 2 кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1413,9 чарчы метрди түзүп, 150 окуучулук орунга эсептелген.
Бүгүнкү күндө мектептин курулушу толугу менен аягына чыкты жана окуучуларды кабыл алууга даяр.
Аталган объекттин сметалык наркы 49 миллион 400 миң 900 сомду түзөт. Быйылкы жылы курулушту бүткөрүү үчүн 21 миллион 400 миң 897 сом бөлүнгөн.