Биз социалдык тармакта

Артём Новиковго улук лейтенант наамы берилди

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиковго Куралдуу күчтөрдүн улук лейтенанты наамы берилди. Бул тууралуу видеону Новиков социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Маалыматка ылайык, Новиковго бул наам Баткен облусундагы кырдаалды жөнгө салууда, ошондой эле укук коргоо органдарын жана мамлекеттик органдарды координациялоодо, министрликтин түзүмдөрүнө, бөлүмдөрүнө жана мекемелерине ар тараптуу жардам көрсөтүүдө кошкон салымы үчүн берилген.

Эске салсак, Тажикстан тараптын кол салуусунан улам Баткен облусунда жаралган кырдаалда Артём Новиков атайын түзүлгөн жумушчу топту жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Datka7777
2021-09-06 11:49:49
Ал премьер министрдин милдетин аткарган, минэконом, 1-вице премьер министр болгон адам! Бул чиндер полковник, генералга барабар! Старлейди берип шылдындап аткан жоксунарбы? Давайте анда Ташиев менен Бороновдун генералдык чиндерин алгыла. Омуру офицерский составта иштебей генерал болушкан
-3
voennyi88
2021-09-06 13:25:10
Погонунду актап, элинди сактап жүрө бер. Поздравляю с получением очередного воинского звания.
+4
Dembele84
2021-09-06 13:38:01
Старший лейтенантты бербей эле койбопсунар!Генералды алган,Жапыкеевдертен эки эсе жакшы иштерди кылган бул адам.Жапыкеев кухняда кыйкырып отуруп генерал алып койду!
+5
Datka7777
2021-09-06 17:30:40
Dembele84,старлей жыйырма солдаттын бир заставанын командири да! Новиков целый кыргыз окмотун ийгиликтуу башкарган адам
0
Nina.alex
2021-09-06 13:39:10
Это позор
-4
suban78
2021-09-06 13:41:05
Азаматсын Артем, куттуктайм. Кыйынчылык убактарда элге дем болуп турдун, азамат биздин сары бала.
+5
basyz-kaman
2021-09-06 18:58:03
Жок дегенде полковник беришбептир. Спец звания деп койушат эле го
+1
amirrus
2021-09-06 19:00:17
Тфу тукурдум наамынарга,Жапыкеевге бербей ушул жигитке берсенер болмок...Кап этпегиле го негизи кыргыздар ото начар, мурдубуздан алысты коро албаган Эл экенбиз да просто куйуп кетесин ушундай иштерин коруп туруп....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан