Биз социалдык тармакта

Депутат: "2023-жылы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот деп Сооронбай Жээнбеков жалган айтып койгонбу?"

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралды. Анда депутат Абдывахап Нурбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге суроо берди.

"Сооронбай Жээнбеков президент кезинде "2023-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү бардык айылдарда таза суу маселеси чечилет" деп айткан. Ошол сөздү билесизби? Канчалык деңгээлде ишке ашат? Бул реалдуубу же популизм болгонбу?", - деп сурады депутат.

Бөрүбаев 2026-жылга карата стратегиялык план түзүлгөнүн айтып, 651 айылга суу киргизүү пландалганын билдирди. "2023-жылы бүтөт деген аткарылбай калды", - деп жооп берди.

"Ошондо Сооронбай Жээнбеков жалган айтып койдубу же ал айтканды аткара албай калдыңарбы?", - деп сурады депутат.

Бөрүбаев бул маселени тейлебей турганын айтып, буга тийиштүү агенттиктин жетекчисинин орун басары иш сапарда жүргөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Datka7777
2021-09-06 16:57:20
Кызматтан кеткенден кийин эми алиггисине асыла бер, кызматта турганда кошколдоп баарын сорур эле турчуусунар
+1
Kuban-1207
2021-09-06 17:00:56
Калп 2039 жылга чейин таза суу менен камсыз болбойт
0
Alixan-Nookat.2015
2021-09-06 21:06:24
Кеткенден кийин эле артынан сүйлөй беришетда
0
Asmat84
2021-09-06 23:46:42
Өзү ушул киши раматылык Улан Эгизбаевдин өкүл атасы болгон экен . Бирок өкүл уулун баалай барктай албады, дайым эле ушинтип котунон сүйлөп жүрөт. Убагында Мелис Мырзакматовду да ушул как баш кетирген кыңшылап элге жаманатты кылып жүрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан