Биз социалдык тармакта

Бүгүн Ош облусунун кээ бир аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 7-сентябрда Ош облусунун кээ бир аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

* Кара-Суу районунун Кенжекул, Партсъезд, Ачы, Мады, Беш-Мойнок, Баш-Булак, Каратай айылдары.
* Өзгөн районунун Дөң-Булак, Чангет, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Жылалды, Заргер айыл өкмөттөрү, Өзгөн шаарынын чыгыш аймагы.
* Ош шаарынын Абдыкадыров, Өскөналиев, Айтиев, Исаков, Нагорная, Подгорная, Ишматов, Ирригатор көчөлөрү, ДЭУ Ноокат жолу, Абдыкадыров №164,128 көп кабаттуу үйлөр, Ишкаван, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Коммунист, Жданов айылдары.
* Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Ак-Кыя айыл өкмөттөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан