Мектеп окуучулары үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча "Ойлоп табам" аталышында окуу пособиеси жарык көрдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуу куралы мектеп окуучуларынын өздүк иши, интеллектуалдык менчикке жана ойлоп табуучулук жигердүүлүккө тиешелүү сабактарга даярданууга арналган. Мындан сырткары ата-энелер менен бирге окуучулардын ойлоп табуучулук ишмердиктин, интеллектуалдык эмгектин натыйжаларын коргоонун ченемдерин жана тартиптерин изилдөөгө арналган.