Биз социалдык тармакта

"Биз бекер үй сураган жокпуз. Болгону 4 пайызга гана түшүрүп берүүсүн суранабыз" дейт митингге чыккандардын бири

Бүгүн, 7-сентябрда өкмөт үйүнүн алдына мугалимдер жана медициналык кызматкерлер митингге чыгышты. Алар ипотеканын пайызын кыскартып берүүнү суранышты.

Митингге чыккан мугалимдердин бири ипотеканы 4 пайызга түшүрүп берүүнү суранып чыгышканын айтты.

"Мен ипотеканы 4 жыл мурун 12 пайыз менен алгам, азыр 8 пайыз менен алып жатам. Өзүм жалгыз бой энемин, эки жумушта иштейм. Биз бекер үй сураган жокпуз. Болгону 4 пайызга гана түшүрүп берүүсүн суранабыз", - деди Чолпон Асылова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан