Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэри Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолукту

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында 3 негизги маселе каралган:

  • жер тилкелерин мыйзамдаштыруу;
  • канализацияны кошуу;
  • №118 маршруттук каттамды Жер-Ынтымагы конушуна чейин узартуу.

“Жолугушуунун жыйынтыгында мэр тиешелүү кызматтарга конкреттүү мөөнөттөрдү жана колдонуудагы мыйзамдын алкагында трансформация маселелерин чечүүгө жооптуу адамдарды көрсөтүү менен иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан