Мындан 127 жыл мурун дал ушул күнү манасчы Саякбай Каралаев Ысык-Көл облусунда туулган. Каралаев бала кезинен ырга, жомокко шыктуу болгон. Ал 1918-жылдан тарта манас айта баштаган.

Манас айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу чыгармалары жарык көргөн.

Саякбай Каралаевге 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамы берилген, андан сырткары "3 Эмгек Кызыл Туу", "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Улуу манасчы 1971-жылы 7-майда 75 жаш курагында каза болгон.
7-сентябрга карата жылнаама.