Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 89 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлайт."Бүгүн, 7-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 89 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 339 метр куб, агып чыгышы 209 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.