Бүгүн, 7-сентябрда "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн 5 күн, 5 түн манас айтуу үчүн Орусияга учуп кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкекке кайтып келди.
Аны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баш болгон бир катар маданий ишмерлер тосуп алышты.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган.