Депутаттар мугалимдерге сый акы берүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Анда төмөндөгүдөй сунушталууда.
- Жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык оклад сыйлык катары берүү:
- Жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 миң эсептик көрсөткүч сый акы берүү.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев.