Депутат Дастан Бекешев "активисттердин телефон сүйлөшүүлөрүн атайын кызмат тыңшап жатат" деген маселе боюнча маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Январь айында Ички иштер министрлиги сотко кайрылып, 3 депутаттын, активисттердин телефондорун тыңшашкан. Депутаттарда кол тийбестик бар, бирок сот ага карабастан уруксат берген. Эмнеге кол тийбестикке карабай уруксат берет? Мен билем, саясатчылардын телефонун дайыма тыңшашат. Бирок мыйзамдуулук болуш керек да. Бул баарыбызга тийиштүү болгон үчүн маалымат угалы. Анда Конституцияга тыңшоолор боло берсин деп жазып коёлу", - деди ал.