Депутат Айсулуу Мамашова күйүүчү майдын баасынын жогорулашы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Күндөн күнгө күйүүчү майдын баасы асманга жетип жатат. Министрлер кабинетин чакырабызбы же башкаларды чакырабызбы, бул маселени карашыбыз керек. Ар бир жараныбызга бул таасирин тийгизет. Ага барабар автогаздын баасы көтөрүлүп жатат. Бул азык-түлүктүн баасына да таасирин тийгизет", - деди ал.