Биз социалдык тармакта

Депутат алыс жолго чыккан айдоочуларды тийиштүү органдар көзөмөлдөшү керектигин айтты

Депутат Осмон Турдумамбетов алыс жолго чыккан айдоочуларды тийиштүү органдар көзөмөлдөшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бир айдын ичинде Бишкек-Ош жолунда, Ысык-Көлгө бараткан жолдо олуттуу кырсыктар болду. Токтогул районунда жол кырсыгынан бир айылдан 9 адам каза болду. Муну кайсы мамлекеттик орган көзөмөлдөйт? Айрымдар кичине каражат топтоп, 6-7 адамга ылайыкташкан унаа алышат да элди ташышат. Илгери алыс жолго чыккандардын ден соолугун текшерчү эле. Ушул жакка көңүл бурбасак элибиз кырылып калат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан