Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатат. Анда депутат Абдывахап Нурбаев КТРК канчалык денгээлде коомдук канал болуп иштеп жатканын сурады.
Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов төмөндөгүдөй жооп берди.
"Бир нерсеге көңүл бурууну суранам. КТРКнын тарыхында биринчи жолу башкы директорун Ак Үй, көк үйдүн тиешеси жок, Байкоочу кеңеш өзүнүн чечими менен шайлады. Мунун өзү эле бир топ нерсени айтып турат. Калган жагы башкы директорго тийиштүү. Коомдук деген аттан четтей турган болсо чара көрөбүз. Колдон келген аракетти кылып жатат, элдин баа бергени оң", - деди ал.