Биз социалдык тармакта

Жанар Акаев: "КТРК менен депутаттар окшош эле, кайсы бийлик келсе иштеше берет"

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатат. Анда депутат Жанар Акаев КТРКны кайрадан мамлекеттик телеканал кылуу демилгеси болуп жатканын укканын билдирди.

"2010-жылдан баштап өлкө парламенттик башкарууга багыт алган, КТРК дагы коомдук телеканал болгон. Азыр бийлик алмашып, президенттик башкаруу өлкөсүнө айландык. КТРКны кайрадан мамлекеттик телеканал кылып, анын жетекчисин президент өзү дайындай тургандай демилге болуп жатканын уктум. Ошондой демилге барбы?", - деп сурады депутат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов мындай маалыматы жоктугун айтты.

"Азыр дүйнө жүзүндө журналистикада атаандаштык жаралды. Элде арман болсо КТРКга кайрылбайт. Ал тургай депутаттарга да кайрылбайт. КТРК менен депутаттар окшош эле, кайсы бийлик келсе, иштеше берет. Ал жактан силерге доомат коё албайбыз. Жарандык журналистика салттуу журналистиканы жеңип бара жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-XXX
2021-09-08 13:29:22
Жанарга сонун жооп бериптир.Жанар"өзүнүн башындагы төөнү көрбөй,бирөөнүн башындагы чөптү көргөн"-экен да.
+1
Tyty1990
2021-09-08 14:07:37
Шакал жанар
0
muku.85
2021-09-08 15:25:56
Жанар озучу бир карасан СДПК бир карасан дагы бир партия бир карасан Ата-мекен озгорууну озундон баштасан жакшы болмок экен Жанар мырза
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан