Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу үгүт иши 29-октябрдан 27-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-октябрдан тарта партияларга жана бир мандаттуу талапкерлерге шайлоочулар менен жолугушууга уруксат берилди. Бирок концерттерге жана театрлаштырылган оюндарга тыюу салынган. Ал арада маалымат каражаттары үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү эфир убактысын берүүгө милдеттенме алышат.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.