Биз социалдык тармакта

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы: "Бир депутаттын сунушу менен жумушту жыйыштырып кете албайм"

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралууда. Депутат Бейшеналы Нурдинов Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болоткановду сындап, кеңештин курамын кайрадан түзүү боюнча сунушун айтты.

Анда Кубат Болотканов: "Мени Жогорку Кеңештин жалгыз депутаты шайлаган эмес. Мен Жогорку Кеңештин 114 депутатынын колдоосун алгам. Сиз Байкоочу кеңештин курамын кетирип, жаңысын алып келели десеңиз сиздин укугуңуз. Жалгыз депутаттын сунушу менен жумушту жыйыштырып кете албайм", - деди.

Депутат: "Сизди 114 депутат шайлаптыр. Азыр канчасы каршы чыгарын депутаттар өздөрү чечет. Эл шайлаган депутат катары өзүмдүн оюмду айтып жатам. Эртең келбейм деп айттыңыз ошон үчүн ушул суроону көтөрүп жатат", - дейт.

"Эртең келе албасам, келе албайм деп айтам да. Мен бул жерге 5 жолу келдим", - деди Кубат Болотканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-09-08 13:30:54
Байкоочу кеңештин төрагасы акылдуу адам окшойт.Сөздү чукугандай табат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан