Биз социалдык тармакта

Парламенттик шайлоого 602 миллион сомго чукул каражат сарпталары күтүлүүдө

Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылууда.

Жыйында БШКнын төрайымы шайлоого сарптала турган каражаттардын болжолдуу сметасы түзүлгөнүн билдирди.

"Биз шайлоонун болжолдуу сметалык суммасын түзүп жатабыз. Анда 602 миллион сом акча каражаты кетери күтүлүүдө. Бул цифра өзгөрүшү ыктымал. Ошондой эле чет өлкөлүк демөөрчүлөр жардам бериши мүмкүн. Окутуу, техникалык жаатта эл аралык уюмдардын жардамына таянсак болот", - деди Шайлдабекова.

Эске салсак, өлкөдө шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан 28-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mara95kgz
2021-09-08 23:40:34
Ушул акчага тажикстандын жерлерини сатып алыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан