Бүгүн, 8-сентябрда парламентте айрым депутаттардын телефонун тыңшоо боюнча маалымат угулуп жатат.
Депутат Дастан Бекешев 5-6-октябрдагы окуялар боюнча кайсы фактынын алкагында кылмыш иши козголгонун ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден сурады.
Министрдин орун басары 5-6-октябрдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иши боюнча экенин айтты.
"Камчыбек Ташиев суракка чакырылдыбы?" деп сурады Бекешев.
Аширходжаев билбей турганын айтты.
"5-октябрда ал аянтта жүргөн. Мен аны менен учурашкам. Аны суракка чакырып көргүлөчү. Эртең эле кызматтан бошотуласыңар. Садыр Жапаров суракка чакырылдыбы? 6-октябрда ал деле аянтта болгон да. Бийликти басып алуу боюнча кылмыш ишин козгоп жатсаңар Сооронбай Жээнбековду кайтарып келиши керекпи? Түшүнүксүз болуп жатат", - дейт Бекешев.